Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Индиянын Коргоо министрлиги Пакистан 10-майга караган түнү Жамму жана Кашмир штатынын райондоруна сокку урганын билдирди.
Индия тарап Пакистанды жаңжалды күчөтүүгө жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салууга айыптады. Пакистан алдыңкы позицияларга аскерлерин жайгаштырып жаткандыгын индиялык «The Times of India» маалымдаган.Индиянын куралдуу күчтөрү жогорку согуштук даярдыкта калууда, деп кошумчалаган Коргоо министрлиги.
10-майда Пакистан Индияга каршы кеңири масштабдуу аскердик операциянын башталышын жарыялады. «The Times of India» гезитинин маалыматына ылайык, Пакистандын учкучсуз аппараттардын жардамы менен жасаган чабуулу Индиянын 26 районуна багытталган – түндүктөгү Жамму жана Кашмирден өлкөнүн батышындагы Гужаратка чейин. «Reuters» агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, 9-май күнү кечинде жана 10-майга караган түнү Жамму шаарындагы кол салуулардын кесепетинен 5 киши каза болгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
