Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Минкаб 27-апрелде кабыл алган токтомуна ылайык, Россияда жүргөн мигранттардын учурда ишеним кат менен айдап жүргөн унаалары киргизилбейт экен, деп билдирди депутат Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан») бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин отурумунда.
Депутат Россияда 300 миңден ашуун кыргыз мигранттары бар экенин айтып, алардын үчтөн биринин унаасы бар экенин белгилеп, алардын баары болбосо да көпчүлүгү ишеним кат менен унаа башкарып жүрөрүн кошумчалады.
«Бардыгы жайында каникулга келишет. Мындай чектөө Россияда, Казакстанда да жок. Бул токтом эмнени көздөөдө?», – деди ал.
Ал Минкабдын парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылып, өзү эле саны азайган Россиядагы кыргыз мигранттарга тоскоолдук жаралып жатканын белгиледи.
«Бул маселени тактоо керек. Эгер жүйөлүү себеби болсо элге түшүндүрүп беришсин (Минкаб), болбосо токтомду жокко чыгарышсын», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					