Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Израилдин Министрлер кабинети согуштук операциянын кеңейишине байланыштуу калкты анклавдын түштүгүнө көчүрүүнү болжолдогон «Газаны басып алуу жана аймактарды кармап туруу» планын жактырды. Бул тууралуу булактар билдиргенин «Euronews» маалымдады.
Израилдин бийлиги Газа тилкесин толугу менен басып алуу чечимине келгени кабарланууда.
Тиешелүү демилгени дүйшөмбү күнү эртең менен Израилдин министрлер кабинети бир добуштан колдоду, деп жазат «AP». Мындан бир нече саат мурун Израилдин Коргоо армиясынын аскер башчылары анклавдагы операцияны «кеңейтүү жана күчөтүү» үчүн 10 миңдеген резервдеги аскер чакырыларын жарыялашкан.
Израиль армиясы — «ЦАХАЛ» тынчтык келишими үзгүлтүккө учурап, чабуулун кайра баштагандан бери Газанын аймагынын болжол менен 50%ын көзөмөлүнө алган.
Атын атагысы келбеген булактардын айтымында, пландын максаты «ХАМАС» тобун эл аралык гуманитардык жардамдан куру калтыруу болуп саналат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
