Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 19-майда Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүнкү издөө иштерине 8 куткаруучу, 1 дрон, ИИМден 8 кызматкер, туугандарынан 25, жалпы 41 адам тартылган.
19-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз жоголгон. Ошол убактардан бери издөө иштери улантылууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
