Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызгидромет билдиргендей, 12-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй менен Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгүндө, Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнү +10…+15
күндүз +26…+31
Талас облусу
түнү +8…+13
күндүз +25…+30
Баткен облусу
түнү +13…+18
күндүз +28…+33
Ош, Жалал-Абад облустары
түнү +13…+18
күндүз +28…+33
Ысык-Көл облусу
түнү +5…+10
күндүз +18…+23
Нарын облусу
түнү +2…+7
күндүз +17…+22
Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +27…+29 градус болот.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
