Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Күндүзү көрк, түнкүсүн жарык берген гүлдөрдү жасап, унаалуу болгон Аида айым менен маек
Янгиликлар

Күндүзү көрк, түнкүсүн жарык берген гүлдөрдү жасап, унаалуу болгон Аида айым менен маек

Май 1, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — 30 жаштагы Аида Алмазбек кызы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын тургуну. Ал күндүзү үйгө көрк, түнкүсүн жарык берген кооз гүлдөрдүн айкалуушусундагы шамчырактарды жасап, айымдарга жагымдуу маанай тартуулап келерин Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1995-жылы Баткен районунун Согмент айылында жарыкка келгем. Англис тили сабагынан мугалим адистигине ээ болгом, бирок кесибим боюнча иштей элекмин. Турмушка чыккандан кийин Москва шаарына кетүүгө туура келди. Ал жактан келип, 2 жылга чукул үйдөн чыкпай, бала карап отуруп калдым.

Кол өнөрчүлүк менен 7 жылдан бери алектенип келем. Учурда шамчыракты (светильник) кооз гүлдөрдүн айкалуушусунда жасайм. Бул ишти жаңы баштаганда, үй салып биринчи бөлмөсүн бүтүрүп, көчүп кирген болчубуз. Үйдө бала карап отуруп, кайталанма окшош күндөрүм өтүп жатты. Күнүмдүк турмуш тиричиликтеринен тажап, жаңы бир нерсе менен алек болууну чечтим. Муну менен катар жолдошумдун тапкан акчасын иштетип отура бербестен мен дагы кошумча акча каражатын тапкым келди», – дейт ал.

Анын айтымында, бул гүлдү көбүнчө апаларга белекке беришет.

«Алгач кагаздан гүл жасап баштадым. Кийинчерээк кардарларым көбөйүп, бул ишке кызыгуум арта түштү. Менин жасаган гүлдөрүм күндүз үйгө көрк берсе, түнү жарык берет. Бул гүлдөрүм “изолон” деген материалдан (Москвадан келет) жасалат. Гүлдүн чаңын аарчып, жууганга болот. Лампасы күйүп калса, ордуна жаңысын салып, алмаштырууга мүмкүн.

Бул гүлдү көбүнчө апаларга белекке беришет. Анткени жаш өткөн сайын түнкүсүн уйку качат, сыртка көп чыгышы мүмкүн. Ошол учурда бул гүлдөр бөлмөнү жарыкка бөлөп, адамга жагымдуу маанай тартуулап турат. Эмгектеримдин арасында “шаркыратма” деген гүлүм бар. Ал гүлдөн суу айланып агып турат. Түнү шамчырак болот жана суунун шаркыраган добушу кадимкидей мээни эс алдырат», – дейт ал.

Аида айым гүл жасап сатуу менен бирге бул өнөрдү башка кыз-келиндерге онлайн түрүндө үйрөтүп келет.

«Кардарларым өлкөнүн бардык аймактарында бар. Жада калса Казакстан, Россияга чейин буюртма берип алып кетишет. Бул өнөрдү өздөштүргүсү келгендер көп, мындан улам Россия, Казакстан, Түркия жана Өзбекстанда жашаган кыз-келиндерге онлайн үйрөтөм. Сабактын баасы — 2000 сом. Көлөмүнө жана табитине жараша ар ким ар кандай буюртма берет. Баалары 1000 сомдон 9 миң сомго чейин барат.

Менин көпчүлүк каардарларым бир гүл алгандан кийин сөзсүз кайра дагы буюртма беришет. Бул жылы гүлдөрүм жакшы сатылды. Анткени 7 жылдан бери көпчүлүк адамдардын көңүлүнө жагып, кардарларым көбөйүп калды», – дейт ал.

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Быйыл кыялым орундалып, өзүмө жаккан «Хендай Аванте» үлгүсүндөгү унаалуу болдум. Албетте, кыйынчылыктар көп болду. Бир баламды колума уктатып, экинчисин бутума уктатып, телефон аркылуу жарнама чыгарып… Сабыр кылып, талыкпакстан аракетиңди кыла берсең, баарына жетүүгө болорун түшүндүм.

Бош убактымды изденүүгө сарптап, жаңы үлгүдөгү гүлдөрдү чыгарам. Келечекке койгон ой-максатым — гүл дүкөн ачып, үйдө отурган айымдарды аз да болсо жумуш менен камсыз кылсам дейм. Алардын алдыга умтулуусуна түрткү болуп, колдон келишинче жардам бергим келет», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Аида Алмазбек кызы 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАКШдан депортацияланган кыргызстандык 20 жаран өлкөгө кайтып келди
Next Article Аламүдүндөгү балыкчылар күтүүсүз окуяга туш болушту

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.