Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын улук инспектору Мирбек Токтобаев бодо малдар ылаңдаган карасан илдети тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Карасан кандай ылаң?
Карасан олуттуу жугуштуу ылаң. Ошондуктан, ылаңдаган мал саналуу болгонуна карабастан, массалык жайылуу коркунучу жогору. Бул жугуштуу оору мал чарбасына чоң зыян алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк учурда бул ылаңга 3 айдан 4 жашка чейинки семиз бодо малдар чалдыгат. Бирок кой-эчкилер, жапайы ача туяктуулар дагы ылаңдашат.
Ылаңдын жугуштуу булагы
Ылаңдын жугуу булагы болуп айлана-чөйрө эсептелинет. Аларга топурак, тоют, башка жаныбарлар менен байланыштар кирет. Микробдор жаратылыш чөйрөсүндө мурда ылаңдаган малдын таасиринен улам узак убакыт бою кургак топуракта, кыкта жана саздак көлмөлөрдө жашайт. Ал малдын организмине киргенден кийин зыяндуу уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт. Инфекция көбүнчө жайыттарда, айрыкча кургак жана ысык жайларда болот. Чөптөр жапыз болуп өскөндө жаныбарлар аны козгогучтар, булганган жердеги ар түрдүү бактериялар менен кошо жеп алат. Мындан тышкары, былжыр челинин жана теринин жаралары инфекциянын жайылышына өбөлгө түзөт. Оорулардын эң жогорку деңгээли жай-күз мезгилинде байкалат. Андан кийин инфекция коркунучу төмөндөйт.
Оорунун белгилери ачык билинеби?
Жаныбардын организмине кирген козгогучтар канга терең кирип, денеге жайылып, гликогенге бай булчуң кыртыштары бел, көкүрөк, моюнга жайгашат. Микроорганизмдер үчүн азыкка бай бул чөйрөдө споралар токсиндерди жана башка уулуу заттарды бөлүп чыгаруу менен жигердүү түрдө активдеше баштайт. Иммундук клеткаларды кысымга алган микробдор бир учурда кан-тамырларды кыйратат, шишиктин пайда болушуна себеп болот. Эреже боюнча, жаралуу мезгили 24 сааттан 48 саатка чейин, айрым учурда болжол менен 5 күндө жаралат.
Оору төмөнкү белгилер менен билинет:
– эч кандай себепсиз температура чукул көтөрүлүп, 41-42 градуска чейин сакталат;
– уйлардын кепшөөсү токтоп, табити төмөндөйт же таптакыр жоголот;
– кыймыл-аракетинин бузулуулары пайда болот (муундардын бүгүлбөөсү, аксактык, бутту сүйрөө);
– микробдор орун алган жерлерде тыгыз шишик пайда болот. Ал жерлер алгач оорутуп, ысык болсо, андан кийин сезгич келип, кармаганда муздак болот;
– сезгенген жерлерге жакын жайгашкан лимфа бездери чоңоёт;
– карасан пайда болгон дененин бөлүктөрү карарып, кескенде көбүктөнгөн күрөң түстүү суюктук чыгат.
Өлүмгө дуушар болот
Ылаңдын акыркы стадиясында малдын дем алуусу оорлошуп, жүрөктүн кагышы төмөндөйт. Бул малдын өлүмүнө алып келиши толук ыктымал. Эгерде, малдын саламаттыгы начар болсо, анда шишик пайда болбостон, тез арада өлүмгө дуушар болот. Уйлар буттарына туруштук бере алышпай, таноолордун жана ооздун айланасынан көбүк чыгарышы мүмкүн. Мындай учурда малды сактап калуу мүмкүн эмес. Эң башкысы, аларды бодо малдын калган бөлүгүнөн бөлүп салуу зарыл. Шишикти басканда кыртыштарда аба көбүкчөлөрүнүн пайда болушунан улам угулар-угулбас кырсылдаган добушту байкоого болот. Мындай мүнөздүү үн кыртыштардын бузулуусунан улам пайда болот.
Карасандын козгогучтарын кантип жок кылса болот?
Бул микроорганизмдер көптөгөн козгогучтардан турат. Тилекке каршы, козгогучтар ар түрдүү шартта жашап кетүүгө ыңгайлашкан. Суук абага дагы туруктуу болуп, топуракта бир нече жыл жашайт. Ал эми ультрафиолет нурунун таасири астында козгогучтар жана микробдор 24 саатта, кайнап жатканда 2 сааттан кийин өлүшөт. Ошондой эле, аларды дезинфекциялоочу заттар менен жок кылууга болот. Формальдегид эритмеси микроорганизмдерди 15 мүнөттүн ичинде, хлор эритмеси 10 мүнөттө өлтүрө алат.
Карасанды кантип туура дарылоо керек?
Инфекциянын тез өнүгүшү көбүнчө дарылоону кыйындатат. Ошондуктан, көпчүлүк учурда жаныбарды сактап калуу мүмкүн эмес. Бирок инфекция өз убагында аныкталса, карасанды антибиотиктер жана жабыркаган аймактарды дарылоо менен жакшы натыйжага жетүүгө болот.
Бул ылаң кечээ жакында гана пайда болгон эмес. Ал 19-кылымдын аягынан баштап белгилүү. Окумуштуулар карасандын козгогучтарын аныктагандан кийин, алюминий гидроксидине негизделген вакцина иштеп чыккан. Бул инфекциянын таралышын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Карасан ылаңына каршы 3 айдан 4 жашка чейинки ири мүйүздүү бодо малдарды 6 ай сайын эмдөөдөн өткөрүп туруу зарыл. Дарылоо учурунда ылаңдаган мал башка жерге бөлүп, калган малды эмдөө керек. Карантин чаралары аяктаганга чейин, уйларды эт катары союуга, ошондой эле алардын сүтүн тамак-ашка колдонууга тыюу салынат. Мындай чаралар ылаңдаган жана эмделген жаныбарларга дагы тиешелүү. Мал багылган жер толук дезинфекциялануусу шарт. Сарайда колдонулган бардык шаймандар, азыктандыргычтар, эшиктер жана башка дезинфекцияланууга тийиш. Тазалык иштери коргоочу кийимде, кол капта жана респиратордо жүргүзүлүшү керек. Дезинфекция иштери кеминде 3 жолу, аралыгы 1 сааттан кайталанууга тийиш. Эгер малды сактап калуу мүмкүн болбосо, алардын өлүктөрүн сөзсүз түрдө өрттөп, мал өлгөн жердин кыртышын алып чукул жайгашкан малдын өлүктөрүн салуучу жерге салуу керек.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
