Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кадамжайда автоээнбаштык кылып, милицияга пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунда 27 жаштагы Э.И. аттуу жаран «Мерседес-Бенц 320» үлгүсүндөгү автоунаасын автоэнбаштык менен айдап бара жатып, милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган.
Унаасы тиешелүү тартипте милициянын убактылуу токтотуучу короосуна киргизилип, окуя маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Жаран мыйзамдуу чара көрүлбөшү үчүн милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн башчысына акча сунуштап, пара берүү аракетин жасаган. Бирок бул аракет дароо Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы тарабынан кармалып, Э.И. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча жоопко тартылууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
