Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кадамжайдагы Элпесеки айылынын аталышы «250 граммды» түшүндүрөт
Янгиликлар

Кадамжайдагы Элпесеки айылынын аталышы «250 граммды» түшүндүрөт

Май 25, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын аймагында Элпесеки айылынын аталышы салмак бирдигин түшүндүрөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургун Жумагул Жалилов билдирди.

Анын айтымында, айыл Өзбекстандын Шахмардан анклавына чектеш жайгашкан. Элеттин аталышы «250 грамм» дегенди түшүндүрөт.

«Биздин айылда негизи найман уруусунун өкүлдөрү жашайт. Айылдын аталышы өзүнчө бир кызык тарых. Биз дагы ата-бабалардан укканыбызды айтабыз. Айылдагы дарыянын жээгинде бир топ чоңдуктагы 5 таш бар. Ал таштарды «пайгамбардын чакмак ташы» деп коюшат. Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Али баатыр ошол 5 ташты кармап туруп, «бул 250 грамм экен» деп таштап койгону айтылат. Андыктан элпесеки деген сөз, «элпейса» дегенди түшүндүргөн. «Элпейса» сөзү «250 грамм» дегенди түшүндүргөн. Ал учурда салмак бирдиги килограмм, грамм деп өлчөнбөгөн. Салмак бирдик «пайса» жана башка сөздөр менен айтылган. Элпейса сөзү фарс тилинен болсо керек.

Бул айылда негизинен кара найман уруусунун өкүлдөрү жашайт. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз хан болуп, хан Бутукенин ордосу азыркы Өзбекстандын Вадул аймагында болгон. 1960-жылдарга чейин ордосу сакталып турган», – деди ал.

Элпесеки айлына жанаша Ак-Кыя айылы жайгашкан. Андыктан Элпесекинин тургундарынын документтерине да Ак-Кыя айылы деп жазылып келет.

Аталган айылдарда жалпысынан 250гө жакын кожолук жашайт.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОш шаарында жол куруу иштерине байланыштуу бир көчө ачылып, экинчи көчө жабылат
Next Article Алматыда кыргыз жараны сабалган. Тышкы иштер министрлиги маалымат берди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.