Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 20-майда Кадамжай районундагы Боз айылында тоо бетинде жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерде (9-забой) көмүр исине ууланган адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, карьерге уулуу газ толуп кеткендиктен ичиндеги бир эркек киши сыртка чыга албай калган. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу тартылган. Алар анын сөөгүн шахтадан 90 метр тереңдигинен чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Өз алдынча көмүр казуучу карьерлерде коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы буга чейин да бир нече жолу кырсыктарга алып келген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
