Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Кант шаарындагы «Ракета» эстелиги кайрадан жаңыртылып, орнотулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган эстелик оңдолуп, жакынкы күндөрү өз ордуна кайра орнотулат.
«Казакстандагы «Байконур» космодрому курулуп жатканда, андагы курулушчулар бизге 1970-жылдары ушул эстеликти белек кылып беришкен экен. Бирок бул эл оозунда айтылган сөз. Негизи толук маалымат эч жерде жок экен.
Көп жылдан бери эскилиги жетип, чирип бараткан. Биз аны демөөрчүлөрдүн жардамы менен кайра оңдоп-түзөп жатабыз», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					