Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кантта чет элдик студент жол тескөөчүлөрдүн талабына баш ийбей качып кетүүгө аракет кылды (видео)
Янгиликлар

Кантта чет элдик студент жол тескөөчүлөрдүн талабына баш ийбей качып кетүүгө аракет кылды (видео)

Май 18, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кант шаарында чет элдик студент Ысык-Ата райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен качууга аракет кылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-майда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана айдоочулардын спирттик ичимдик ичип унаа башкаруусунун алдын алуу максатын көздөп, рейд өткөрүлгөн.

Рейд учурунда тескөөчүлөрдүн көңүлүн шек жараткан унаа буруп, аны токтотууга аракет кылышканда айдоочу милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей, качууга аракет кылган.

Кыска мөөнөттүү куугунтуктоодон кийин унаа айдоочусуз табылган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, унааны башкарган жаш жигит жанындагы кыз менен чогуу унааны таштап, жакынкы турак жайлардын биринин короосуна жашынууга аракет кылган. Ал кыз айдоочу документтерин үйдө унутуп калганын жана жоопкерчиликтен коркуп качканын айткан.

Кийинчерээк унааны башкарган адам — чет элдик студент өзү келип, жол тескөөчүлөргө кайрылган. Анын үстүнөн кызматкерлер тарабынан эки административдик протокол түзүлгөн: биринчиси — милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегендиги үчүн, экинчиси — айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн. Унаа айып аянтчасына токтотулган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жол эрежелерин сактоо — ар бир айдоочунун милдети экенин, жарандыгына же өлкөдө болуу макамына карабастан бардыгына бирдей талап коюларын эскертет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article18-19-майда тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн,
Next Article Жакшы. Бишкек шаарындагы абанын сапаты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version