Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кант шаарындагы мектепке атайын мемориалдык такта орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, №5 жалпы билим берүү мектебинин имараты Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында №4433 аскердик эвакуациялык госпиталь (көбүнчө аскерлер дарылануучу оорукана) катары кызмат кылган. Бул тарыхый фактты эскерүү максатында мектепке атайын мемориалдык такта орнотулду.
Иш-чарага Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, шаардык кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Анда согуштагы эрдиктер эскерилип, тарыхты унутпай сактоонун маанисин белгилешти.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
