Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата «pobeda.srs.kg» интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы апаттуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттар топтолгон.
Төмөндө Капар Султанбеков жолдогон кат (өзгөртүүсүз жарыяланат):
Кымбаттуу ага Алы жана жеңем Зайнаш жана бөбөктөрүм, кудагый, барыңыздарга мындагы Капар тууганыңардан амандык кат.
Кандай, аман-эсен жакшы алда турасыздарбы? Көрүп-билген ага-туугандар тегиз аман-эсен турушабы? Мен аман-эсен, кудаа деп өлкө коргоодогу милдетимди аткарып турамын. Турмуш ал алынча. Мен сиздерге 3 жылдан бери кат жазуудан талыкпадым, бирок, Сиздерден кат албайм. Мындан ары колуңар тийсе кат жазгыла, ошону менен бирге газета, майда китепчелериңерден жибергиле, кыргыз тилинде. Айылдан кат алып турам бирок, толук эмес ал авал тууралуу.
Жеп-ичкендин жолу ачылгандыгын айтышат. Эми кош, аман тургула. Көрүштүрүүнү табият буйуруп, аман-эсенчилигиңерди тилеп Капар Султанбеков.
23/IV/45
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
