Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 9-май күнү Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Анын алкагында «Өлбөс полк» жүрүшү жана салтанаттуу парад уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жүрүш шаар мэриясынын имаратынын алдынан башталып, Кара-Балтанын тургундары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп шаар көчөлөрү менен өтүштү. Жүрүшкө Кара-Балта шаарынын байкерлери да активдүү катышты. Колонна жылып бараткан сайын ага Жайыл районунун ар кыл айылдарынан келген тургундар да кошулуп жатты.
Жүрүш Жеңиш эстелигине чейин улантылып, ал жерде «Өчпөс отко» гүлчамбар коюлуп, эскерүү митинги өткөрүлдү. Митингге согуш ардагерлери, шаар жана район администрациясы, шаардык кеңештин депутаттары жана шаар тургундары катышты.
Митингден соң шаар мэриясы тарабынан уюштурулган автобустар менен тургундар Ленин атындагы Маданият үйүнүн аянтына жеткирилип, майрамдын экинчи бөлүгү уланды. Аянтта театрлаштырылган көрсөтүү жана парад өттү. Ага укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Ооганстан жана Баткен окуяларынын ардагерлери, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Параддан кийин концерттик программа жана элдик майрамдоо уюштурулуп, шаар тургундары жана ардагерлер үчүн талаа ашканасы кызмат көрсөттү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
