Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 16-майда Кара-Көл шаарында «Жылдын мыкты окуучусу — 2025» сынагы болуп өтүп, ага 6 окуучу катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бул сынакка шаардын билимге умтулган, үлгүлүү жүрүм- турумга ээ, чыгармачыл жана коомдук иштерге активдүү окуучулар катышып, мыктылары аныкталды.
Бул сынак үлгүлүү окуучуларды колдоо, окууга болгон кызыгуусун арттыруу, кесиптик багыт берүү, чыгармачылыгын өнүктүрүү, окуучулар арасында ынтымакты, достукту чыңдоо максатында өткөрүлдү.
Конкурс алгач мектептик деңгээлде өткөрүлүп, андан жеңген мыктылар шаардык баскычка катышты. Сынак өзүн өзү тааныштыруу, өз өнөрүн көрсөтүү, «Мыкты окуучудан — мыкты идея» (долбоор түзүү, сценка, эссе жазуу бирөөсүн тандайт) программасынан турду.
Сынакка катышкандар:
– Хуриев атындагы №5 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Элнур Кубанычбеков;
– Туралы Темиров атындагы №6 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Адеми Төлөнова;
– Фрунзе атындагы №3 мектептин 10-классынын окуучусу Сайрагүл Анарбаева;
– Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Бактыгүл Солдатова;
– Шопоков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Фатима Бакытбекова;
– Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектептин 10-классынын окуучусу Асема Турсунбекова катышты.
Жеңүүчүлөр:
– Баш байгени — Фрунзе атындагы №3 мектептин 10-классынын окуучусу Сайрагүл Анарбаева;
– 1-орунду Хуриев атындагы №5 орто мектебинин 9-классынын окуучусу Элнур Кубанычбеков;
– 2-орунду Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык мектептин 10-классынын окуучусу Асема Турсунбекова жана Шопоков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Фатима Бакытбекова;
– 3-орунду Токтогул атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Бактыгүл Солдатова жана Туралы Темиров атындагы №6 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Адеми Төлөнова ээледи.
Катышуучулар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
