Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 22-майда энергетиктердин жана гидрокуруучулардын шаары болгон Кара-Көлдө Энелер күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, иш-чара шаардык мэрия жана аялдар кеңеши тарабынан өткөрүлдү.
Майрамдык салтанат концерттик программа жана «Баатыр энелер» катышкан чыгармачылык сынак менен коштолду. Маданият үйүндө көл өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү коюлуп, комузчулар күү чертип турушту.
Шаардын 63 жылдык тарыхында өз убагында мамлекеттик жана коомдук ишмер катары таанылган Акынай Наркозуева, Кара-Көл шаардык аткаруу комитетинин төрайымы, партиянын Кара-Көл шаардык комитетинин биринчи катчысы Роба Насыровна Абдысаматова, Кара-Көл шаарынын акими Кутманова Зебикан Кутмановна, Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу Абытканова Равшан Абыткановна жана бир канча энелердин аты аталды.
Майрамга карата 90 жашка чыккан энелерге ак элечек кийгизилип, балдарын мыкты тарбиялаган энелерге ыраазычылык барактары менен сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, ар бир энеге гүл сунулуп, 260 энеге 1000 сомдон мэрия тарабынан акчалай сыйлык берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
