Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 7-май күнү Кара-Суу шаарында Кара-Суу шаарынын мэринин кубогуна арналган кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Кара-Суу районунун 90 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналып уюштурулду.
Кичи футбол боюнча мелдеш 15 жашка чейинки курактагы балдар арасында орун алып, ага Кыргызстандын 7 облусунун командалары жана Өзбекстан менен Тажикстандан экиден команда катышууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					