Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кечээ, 19-майда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин «кара» тизмесинен чыгаруу боюнча уюмдун талаптарынын 80%ы аткарылгандыгын билдирди.
«2025-жылдын октябрь айында биз Брюсселге дагы бир жолу кеңейтилген курам менен барып өзүбүздү коргойбуз. Андан кийин 2025-жылдын декабрь айында бизге инспекторлор жана Евробиримдиктин ар бир өлкөсүнүн өкүлдөрү акыркы аудит менен келиши керек.
Ал эми 2026-жылдын май айында Брюсселде Евробиримдиктин Транспорт комитетинде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн алдында өзүбүздү коргойбуз», – деди Бостонов.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
