Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Каракол базарларында ышкындын акыркы түшүмү сатыкка чыкты. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, ышкын тоо койнунда өзүнөн-өзү өсөт жана организм үчүн пайдалуу касиеттери менен белгилүү. Анын 1 даанасы 15 сомдон сатылууда. Ышкындын сезону жыл сайын апрель айынын аягында башталып, май айынын ортосуна чейин уланат. Учурда базарда сатыктагы ышкындар быйылкы сезондун акыркылары.
«Ышкынды тоо койнунан терип келгендиктен, таза абада өскөн таза өсүмдүк катары бааланат. Гүл чачып байлай элегинде, солкулдап жумшак кезинде терип келебиз. Анда даамдуу, ден соолукка пайдалуу. Ышкын көп жылдык, тамырлуу чөп болгондуктан, аны үзүп жатканда тамырына зыян келтирбей теребиз. Мисалы биз достор менен барып терип келип, Каракол базарына алып келебиз. Ал бат эле өтүп кетет», – деди базарда ышкын саткан балдардын бири Мирлан.
«Ышкындын тамырын илгери апаларыбыз иштетилген терини боёгондо колдончу. Тамырын кеч күздө, ышкын түп бышкан кезде казып алып, кабыгы аарчып майда-майда кертилип, көлөкө жерге өрүк кагындай кургатчу. Андан соң жанчып даярдашчу. Ышкындын түп менен боёлгон жүн же иштетилген тери кочкул сары түскө өтөт. Учурда боёк катары колдонгондор аз. Негизи бул баалуу ышкындарыбызды сактап калуу үчүн тамырына зыян келтирбөөнү жаштарга түшүндүрүп турушубуз керек. Бүгүн сатыктан көрүп балалыгымды эстеп алып жедим. Эми сөңгөк болуп катып баштайт», – деди шаар тургуну Асия Хакымова.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					