Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук скверинде бош жумуш орундар жана кесиптер жармаңкеси өткөрүлдү.
Каракол шаардык эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын маалыматы боюнча, жумуш издеп келгендерге Каракол шаары боюнча 250гө жакын, ал эми Ысык-Көл облусу боюнча 540тан ашуун бош орун сунушталды. Жармаңкеге 21 иш берүүчү, ошондой эле билим берүү мекемелери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана башка уюмдар катышты.
Жармаңкенин жыйынтыгында 31 адамга ишке орношуу үчүн жолдомо берилди. Мындан тышкары, катышуучуларга эмгек миграциясы боюнча, анын ичинде Россияга кирүү жана мыйзамдуу түрдө ишке орношуу боюнча кеңештер берилди.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, жармаңкеге жаштар, окуу жайларды жаңы бүтүргөндөр жана жумушсуз жарандар чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					