Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Каракол шаарындагы Жеңиш сейил багында Улуу Жеңишин 80 жылдыгына карата аскер-деңиз флотунун ардагерлерине арналган монумент орнотулду, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, ачылыш аземге аскер-деңиз флотунун ардагерлери жана алардын үй-бүлү мүчөлөрү, шаар тургундары, аскер кызматкерлери, Каракол шаарынын мэри Тимур Мадяров катышты.
Анда Совет доорунда көпчүлүк кыргызстандыктар флотто аскердик кызматын өтөшкөнү айтылып, аталган монумент өлкөдө үчүнчү болуп тургузулуп жатканын белгилешти
«Айкелди тургузууну Кыргызстандын аскер-деңиз флотунун ардагерлер кеңеши демилгеледи. Союз учурунда Ата Мекен үчүн деңизде кызмат кылганбыз. Биздин өлкөнү кургак мамлекет деп айтпайт элем. Анткени көп жоокерлерибиз деңизде кызмат өтөгөн. Бизде Ысык-Көл, көптөгөн суу-даряылар, гидроэлектростанциялар бар. Кыргызстандын жалгыз вице-адмиралы, Союздун контр-адмиралы Темиров Марат Сатиевич мисал болот алат. Андыктан Жеңиштин 80 жылдыгына карата тургузулуп жаткан бул монумент менен баарыбызды куттуктайм», – дейт Кыргыз Республикасынын аскер-деңиз флотунун ардагерлер союзунун төрагасы, биринчи даражадагы запастагы капитан Эдиль Осмонов.
Ошондой эле, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, калаа башчысы Тимур Мадяров аскер-деңиз флотунун ардагерлерин куттуктап, аларга ден соолук каалап, келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					