Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жол кырсыгынан кийин бир унаа жолдон чыгып, бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы маалыматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
«2025-жылы 18-майда Каракол-Пристань унаа жолунан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа күн батыштан күн чыгышты карай бара жатып, ошол эле багытты карай алдында кетип бара жаткан Н.К аттуу жаран башкарып бара жаткан «Мерседс-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын артынан келип, каптал жагын жөөлөп алган.
Анын кесепетинен Н.К унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун жээгине чыгып, бак-даракты сүзүп токтогон. Окуя боюнча айдоочу Н.К дене жаракаты менен ооруканага көрүнүп кеткен.
Бул жол кырсыгы Ак-суу райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
