Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 23-майда Каракол шаарында жаңы ачылган стадиондо «ОшМУ» (Ош) жана «Барс» (Каракол) футбол командалары таймашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш Кыргызстан премьер-лигасынын алкагында өттү. Оюн 2:1 эсебинде «Барс» (Каракол) командасынын жеңиши менен аяктады.
Таймашка президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев, Балбак Түлөбаев, Акылбек Түмөнбаев, Бахридин Шабазов, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Ысык-Көл облусунун, Каракол шаарынын жетекчилиги, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев күбө болду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
