Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Каракол шаарында кечке маал шамал катталып, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын учурду, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 17-май күнү кечинде Каракол шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен эки турак үйдүн чатыры зыян тартты.

Тактап айтканда, Москва көчөсүнүн №162 дарегинде жайгашкан үйдүн 234 чарчы метр, ал эми Коёнкөзов көчөсүнүн №86 дарегиндеги үйдүн 150 чарчы метр темир менен жабылган чатырларын шамал учуруп, жакынкы унаа жолго түшүргөн.
Окуядан жабыркагандар катталган жок. Куткаруучулар темир чатырларды коопсуз аймакка көчүрүп, жолду тазалашкан.
Мындан тышкары, катуу шамалдын айынан Каракол шаарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы убактылуу өчүп, тиешелүү кызматтар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
