Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 23-Каракол шаарында жаңы курулган стадиондун ачылышы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчи билдирди.
Маалыматка караганда, балбандар Эрназар Акматалиев, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова — конок катары катышып жатат. Ачылышта алгач караколдуктар алкыштар менен спортчуларды тосуп алышты.
Андан кийин эстрада ырчылары концерттик программасын тартуулай баштады.
Бүгүн, 23-май күнү Каракол шаарында дене тарбия жана спорт ордосунун ачылышы өтөрү белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, учурда расмий ачылышка кызуу даярдык жүрүүдө. Шаардын борбордук аянтында атайын фан-зона уюштурулду. Саат 17:30дөн баштап фан-зона ишин баштайт. Стадиондун ачылыш аземи жана «Барс» командасы менен «ОшМУ» командасынын беттеши чоң экранда түз эфирде көрсөтүлөт. Иш-чара башталганга чейин атайын музыкалык программалар коюлат. Чоң экран, жогорку сапаттагы үн жабдуулары жана коопсуз шарттар камсыздалган.
Коопсуздукту жана иреттүүлүктү камсыз кылуу максатында төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылы саат 12:00дөн түнкү 00:00гө чейин убактылуу жабылат:
• Тороев көчөсү – Токтогул көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин;
• Дербишев көчөсү – Токтогул көчөсүнөн Коенкозова көчөсүнө чейин.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык ишкана тарабынан маршруттук каттамдар бүгүн түнкү саат 00:00гө чейин үзгүлтүксүз иштейт. Бул жарандардын иш-чарага оңой жетүүсүнө шарт түзөт. Кечээ, 22- майда стадионго кирүүнү каалалгандарга билеттер бекер таратылган. Стадионго кирүү билет менен гана мүмкүн.
Саамалыкка президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышат.
- Нагима Айтматова көчөсүндө орун алган стадионго 5,17 гектар жер карайт. Трибуна 3320 көрүүчүгө ылайыкталган. Кийим алмаштыруучу, административдик бөлмөлөр, VIP орундар, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар, ошондой эле VAR системасы үчүн бөлмөлөр каралган. Келечекте чыгыш тарапта дагы трибуна куруу пландалууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
