Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — 24-майда Каракол шаарынын Челпек айылынын тушунда болгон унаа кырсыктын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жолдо «Субару Форестер» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Териштирүү учурунда Каракол—Бөкөнбаев жолунун 216-чакырымынан Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылынын тургуну К.Н.А. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасын айдап бара жатканда Каракол шаарынын тургуну О.В.О. айдап келе жаткан «Субару Форестер» унаасы каршы тилкеге чыгып анын капталынан жөөлөп кеткени такталды.
Окуя тууралуу:
Буга чейин 24-майда Жети-Өгүз районунда унаа кырсык катталганы белгилүү болгон. Анда «Мерседес-Бенц Спринтер» менен «Субару» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жаракат алгандар бар экени айтылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
