Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кассино шаарында окуган Анара Төлөкөванын баяны
Янгиликлар

Кассино шаарында окуган Анара Төлөкөванын баяны

Май 18, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 22 жаштагы Анара Төлөкөва. Ал учурда Италия мамлекетинин Кассино шаарында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Анара Төлөкөва 2003-жылы Нарын облусунун Кочкор айылында төрөлүп, 2 жашында Токмокко көчүп келген. Токмок шаарындагы №7 орто мектебин бүтүргөн. 

«Азыр Кассино шаарында жашайм. Италияда экономика багытында бакалавриатта (Cassino University) окуп жатканыма эки жыл болду. Учурда студенттер алмашуу (Erasmus) программасы аркылуу 2 айга Стамбул шаарындамын, жакында кайра Италияга кетем

Чет өлкөдө билим алуу бала кезимден бери эң чоң кыялдарымдын бири болчу. 11-классты бүтүргөндөн кийин Италияга тапшырууну туура көрдүм. Себеби ал жакта жогорку билим 12-класстан башталат. Ошондуктан, БГУда социология багытында 1 жыл окуп, ошол этапты 12-класс катары көрсөтүп документ тапшыргам.

Негизи башка өлкөлөрдүн маданиятын үйрөнүүгө кызыгып келем. Италияны тандаганыма да ушул себеп болгон. Бул жактагы эл кыргыз элине көп жагынан окшош. Мисалы, той-мааракелерди жакшы көрүшөт жана көбүнчө кечигип барышат. Ачык мүнөздүү, жардам берүүгө даяр адамдар. Кыргыздарга болгон мамилелери да жакшы. Өспүрүмдөр “нихау” дешип жаңылышып коюшпаса, калган учурда эч кандай терс көрүнүштөр болбойт.

Экономикалык жактан азыр Италияда кыйынчылыктар айтылганы менен, жашоо Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла жеңил. Жай айларында, каникул маалында иштеп калам. Ал жердеги эмгек акы Бишкектеги айлык маянага салыштырмалуу бир топ жакшы, көп нерсеге жетет.

Мага кызык көрүнгөн жагдайлардын бири — бул жактагы 30-40 жаштагы адамдар өздөрүн 20-25 жаштагыдай эркин алып жүрүшөт. Кээде шаар алмаштырып, жаңы жерден жумуш табуу үчүн бат эле көчүп кете алышат. Алар мени “кичинекей азиялык кыз, жүрөгү тоодой” деп айтышат. Бул сөздөрдү башка кыргыз тааныштарым да көп угушкан.

Маданият жагынан алганда, бул жакта адамдар бири-биринин жашоосуна кийлигишпейт. Ар ким өз жашоосу менен алек. Бул мага жакты. Мындан сырткары, бул жакта адамдар кеч жетилет жана кеч карышат десем болот. Бактылуу болуу үчүн жакшы тамак менен бир стакан “Апероль” жетиштүү. Биздей болуп ар нерсеге убара болуп, өзүн кыйнай беришпейт. Бул жактагы эл да мээнеткеч экен.

Эсимде, бир жолу бир италиялык кыз менен таанышып, жаңы жылды анын үй-бүлөсү менен шаар четиндеги үйүндө тосуп калдым. Жанымда эки курбум бар эле – абдан өзгөчө тажрыйба болду.

Шенген визасы бар болсо, болгону 10 000 сомго Парижге барып келсе болот экен. Кээде учак билети автобус билетинен да арзан болуп калат. Италия мага саякат тууралуу көз карашымды түп-тамырынан өзгөрттү.

Мен жашаган шаарда көптөгөн кыргыз жана казак студенттер жашайт.

Менин эгизим бар, аты Жанара. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КГМА) окуйт. Экөөбүз бала кезден тарта жашоого болгон көз карашыбыз менен айырмаланып келгенбиз. Ошондуктан ал медицина тармагын, мен экономика багытын тандадым.

Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Улуубуз Самара, андан кийинкиси Самат. Экөө тең үй-бүлөлүү. Атамдын аты Төлөк, апамдын аты Нургүл. Келечектеги максатым — окуумду ийгиликтүү аяктап, жакшы жумушка орношуу жана кийин Кыргызстанга кайтып келүү», – деди ал.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleНоокаттын Борбаш айылында мектеп, ФАП жана мечиттен турган социалдык комплекс курулуп, пайдаланууга берилди
Next Article Жети-Өгүздөгү катуу шамал мектеп жана мамлекеттик имараттардын чатырын учуруп кетти

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.