Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 18-майда Кыргызстанга Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов баштаган парламенттик делегация келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Казак делегациясы 19-майда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
Эл аралык «Манас» аэропортунан казакстандык кесиптештерин Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					