Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кара-Суу районунда Кемпир-Абад суу сактагычына тор салып жүргөн браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жарытылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча егери Алтынбек Мамытов билдирди.
Анын айтымында, браконьерлер Кемпир-Абад суу сактагычына тор салып жүрүшкөндө кармалышкан.
«2 браконьер кармалды. Алардын 2 кайыгы жана суу сактагычка салынган жалпы 400 метр торлору алынды. Эми аларга акт түзүлүп, админстративдик айып пул салынат. Ал эми торлорунда балык жок болгону үчүн доо коюлбайт», – деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
