Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 6–7-май күндөрү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыктары Ысык-Көл жана Талас облустарында ири рейд өткөрдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Ысык-Көл облусундагы рейд Жети-Өгүз районунун Тосор, Тамга, Кичи Жаргылчак жана Барскоон айылдарынын аймагында жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында көлдүн акваториясынан мыйзамсыз орнотулган жалпы 800 чарчы метр синтетикалык балык уулоочу торлор табылган. Алар толугу менен жок кылынган.
Ал эми 6-майда Талас облусунун Айтматов районунда жайгашкан Киров суу сактагычында өткөрүлгөн рейд учурунда министрликтин Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү экоактивисттер жана Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган, узундугу 2000 метрди түзгөн синтетикалык торлор табылып, алар да толугу менен жок кылынган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
