Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » ӨКМ окуяга тиешеси барлар кызматтан бошотулганын билдирди
Янгиликлар

ӨКМ окуяга тиешеси барлар кызматтан бошотулганын билдирди

Май 12, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  11-майда социалдык тармактарда жоокерлер кордолгон видео тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгонун билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүгүндө 2025-жылдын февраль айында уставдык тартип жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факт боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган. Жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган.

11-майда окуя тууралуу коомчулукка белгилүү болгондон кийин министр Б.Ажикеев жана анын биринчи орун басары А.Мамбетов аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин жетекчилиги ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти. Министр мындай учурларда өз убагында министрликке, Аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентар менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү. Жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө да көңүл бурулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уставдык жана кызматтык тартипти бузган бардык көрүнүштөрдү кескин айыптап, мындай учурларга карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн белгилейт», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкек—Нарын—Торугарт айланма жолундагы унаа кырсыктын улам 2 киши жабыркады
Next Article Президент өзгөчө кырдаалдар министрине катуу сөгүш берди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.