Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 86123 аскердик бөлүктөгү жоокерлер кордолгон окуяга байланыштуу өздүк курамга чара көрүлдү. Кабыл алынган чечимди министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Өздүк курам менен тиешелүү иш жүргүзбөгөнү, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөнү үчүн:
- 86123 аскердик бөлүк — Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызмат ордунан бошотулду;
- аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары — штаб башчысы кызмат ордунан төмөндөтүлдү;
- КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат ордунан төмөндөтүлдү;
- мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге сөгүш жарыяланды.
Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилген. Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 12-майда билдирди.
Мындай тартиптик жазага министр жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы негиз болгон.
11-майда социалдык тармактарда аскерлерди шылдыңдоо фактысы тартылган видео тараган. Аскер прокуратурасы билдиргендей, окуя ӨКМдин 86123 аскердик бөлүгүндө болгон.
Аскер кызматчысына карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча аскердик бөлүктүн офицерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө иштерин Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Шектүүлөр Аскер прокуратурасына жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгонун билдирди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
