Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор районундагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Кочкор районунда 35 жалпы билим берүүчү мектептен 843 бүтүрүүчү 11-классты, 1344 окуучу 9-класстарды аяктап жатат.
Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасы бардык мектептерде өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты А.Мааткеримов, Т.Курткаев, У.Малтабаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептерге интерактивдүү доска белекке берип, айрым алдыңкы мугалимдерге Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттарын тапшырды.
Нарын облусунун аймагында 26-май күнү мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн өтө турган акыркы коңгуроо майрамына байланыштуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, аталган күнү бүтүрүүчүлөрдүн жана ошондой эле 10, 20, 30 жылдыкка чогулган жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти, жол коопсуздугун сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу максатында, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ар бири өзүнө бөлүнгөн аймактарда көзөмөлдү күчөтүшөт. Сейил бактарга, эс алуу жайларына жана кечки маалда окуучулардын автоунаа башкаруусуна жол берилбейт жана бул багытта тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт.
«Акыркы убактарда майрамдык иш-чараларда спирт ичимдик ичип, мас абалда автоунаа башкарган учурлар кайгылуу жол кырсыктарына себеп болууда. Андыктан, коопсуздукту сактоо жана кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн спирт ичимдиктерден алыс болууга, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз. Ошондой эле, ата-энелер акыркы коңгуроо салтанатында балдарына унааларын бербөөгө жана ар кандай отуруш кечелерге жибербөөнү талап кылабыз», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды