Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин окуучулары өз колдору менен самын жасап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин окуучулары өздөрү колго жасаган самын жана буюмдары тууралуу ата-энелерге көргөзүп айтып беришти. Алар колго жасаган самындын артыкчылыктары, дүкөндөн сатып алган самынга караганда пайдалуу экендигин айтышты.
Колго жасалган самынга лимон, гүлдүн түрлөрү кошулуп, денени кычыштырбайт. Денедеги жаралар үчүн да пайдалуу экендигин айтышты. Мектептин химия мугалими Гүлзат Бегалиева ар кайсы класстан 15 окуучу өздөрүнүн каалоосу менен чыгышып, «Жаратман» аттуу топ түзүп, самын жасоону өздөштүрүп чыгышты. Бул самын экологиялык жактан таза. Азыр самындын ар кандай түрлөрүн жасап жатышат.
Окуучулар самындан сырткары эски ыргытыла турган материалдардан — жылтырак (целлофан) баштыктарынан сумкаларды, топуларды, капчыктарды жасап, эшиктин алдына салган бут сүрткүчтөрдү, мончого колдонгон жышынгычтарды колго түйүп, жасап жатышат.
«”Жаратман” окуучулары үчүн атайын лабороториялык бөлмө бөлүп бердик, ал жерде алар бош убактысын изденүү менен өткөрүшөт. Ошондой эле аталган команда ар кандай долбоорлорго катышып жатышат», – деди мугалим.
Ата-энелер окуучулардын телефондогу ар кандай оюндарга алаксыбай бош убактысын пайдалуу өткөрүп жатканына кубангандыгын билдирип, бул ишти колдоого алышаарын, бул ишти жайылтуу керектигин билдиришти.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
