Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кочкордо Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ооруктун ардагерлерине юбилейлик медалдар тапшырылды
Янгиликлар

Кочкордо Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата ооруктун ардагерлерине юбилейлик медалдар тапшырылды

Май 17, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кочкор районунда ооруктун ардагерлери Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган медалдар менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунда Улуу Ата Мекендик согушта оорукта кызмат кылышкан ардагерлер Күрүчбек Асанов менен Кадыке Макеев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган  юблейлик медалдар менен сыйланышты. Сыйлыкты Кочкор районунун акими Баялы Досалиев, Кочкор районунун аскер комиссары Урмат Осмоналиев тапшырып, райондун жетекчилигинин атынан белектер берилди.  

Белгилей кетсек Кочкор районунда ооруктун 2 гана ардагери калган. 

Күрүчбек Асанов Кочкор районундагы Май-Чыбыр колхозунда (азыркы Кара-Саз) 1927-жылы туулган. 1942-жылга чейин Электр мектебинде окуп, ошол жылдан баштап  окууну таштап колхоздун 450 эчкисин багып оорукта кызмат өтөгөн. Күндүз эчкилерди чоң атасына табыштап, колхоздун айдоо аянтын сугарып жардамдашкан. Эчкини саап 10 үй-бүлөнү багып турган. Сүттөн быштак жасап, фронтко жөнөтүп турушкан. 1946-жылы фронттон келген Сыдыкбек Чалов эчкини өткөрүп алгандан кийин Кочкор районунун чек араларын тактоо иштерине жардамчы болуп иштеген. Кийин колхоздо комбайн менен эгин чаап, чарба бириккен кезде электрик болуп айылга свет тарткан. 1970-1990-жылдары колхоздо чабан болуп, ардактуу эс алууга чыккан. «Согуш ардагери», «Кайратуу эмгеги үчүн», «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы» юблейлик медалы менен сыйланган. Азыр Ормон-Хан айыл аймагынын Кара-Саз айылында жашайт.

Кадыке Макеев 1933-жылы Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Согуш жылдарында айылда эмгектенген. Чарбада араба айдап, эгин оруп, суу сугарган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык инстутутту аяктап, айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенген.

– 1953-1956-жылдары Кочкор райком комсомолунда катчы;

– 1956-1959-жылдары Кочкор райондук кеңешинде катчы;

– 1959-1963-жылдары Алма-Атадагы партиялык жогорку мектепте угуучу;

– 1963-1964-жылдары чарбада партиялык жетекчи ( парторг);

– 1964-1974-жылдары Жданов, Большевик колхоздорунда башкарма, даярдоо конторасынын директору кызматтарын аркалаган;

– 1977-1990-жылдары Кочкор совхозунда партиялык комитеттин төрагасы (партком);

– 1990-1994-жылдары Кочкор райондук кеңешинде бөлүм башчы;

– 1994-жылдан баштап ардактуу эс алууда.

«Ардак белгиси» ордени (1966) жана бир нече медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Моңголиядагы турнирге катышат
Next Article Кытайдын 39 жараны Бишкектеги курулушта мыйзамсыз иштеп жүргөн,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.