Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор райондук И.Исаков атындагы маалыматтык китепканасында 27-май китепкана күнүнө карата «Улуттун байлыгы китепкан» аттуу иш-чара белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага райондук жана айылдык китепкананын кызматкерлери, маданият тармагында эмгектенгендер, окурмандар катышты.
Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Чоргоева китепкананын усулчусу Анарбүбү Бекчороевага, Мантыш айылынын китепканачысы Таалайкүл Баатыркановага ыраазычылык кат, И.Исаков атындагы райондук китепкананын башкы китепканачысы Баян Замир кызына ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле, Кара-Күңгөй айылдык китепкананын башчысы Тилек Осмоналиевага Жогорку Кеңештин төрагасынын ыраазычылык каты тапшырылды. Иш-чаранын алкагында И.Исаков атындагы китепкананын усулчусу Анарбүбү Бекчороеваны жана Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылындагы №1 китепкананын башчысы Таалайкүл Баатырканованы ардактуу эс алууга узатышып, ал эми ардактуу эс алууда жүргөн, жаш чагын китепканага арнаган Роза Касымованын 70 жаш мааракеси белгиленди. Акын жана журналист Исабек Исаковдун келини Майрам Исакова китепканага Исабек Исаковдун китептерин белекке берди.
- Кочкор районунда 1 райондук, 1 балдар китепканасы жана 28 айылдык китепкана жалпы 30 китепкана бар.
Кочкор районунда алгачкы китепкана 1949-жылы уюшулган.
Аталган китепкананын жетекчилери:
– Китепкана башчысы болуп Кочкор райкомунун 1-катчысы Сайид Хамзамулиндин жубайы З.Хамзамулина 1949-1951-жылдары эмгектенген;
– 1951-1991-жылдары Үкөй Чолпонбаева;
– 1991-1992-жылдары Шарапат Алакунова;
– 1992-1994-жылдары Гүлсайра Исабаева;
– 1994-2021-жылдары Анара Бекчороева;
– 2021-жылдан бери Бурулсун Султаналиева Исабек Исаков атындагы борборлоштурулган китепкана тармагынын директору болуп иштеп келе жатат.
Тарыхка кайрылсак кыргыз жергесинде алгачкы китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы жарлыгы менен китепканаларды өнүктүрүү максатында 27-май Китепкана күнү болсун деген токтом кабыл алынган. Ошондон бери жыл сайын бул майрам белгиленип келе жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды