Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 12-майда Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон бир нече кылмыш иши боюнча сот жараяны жылдырылды.
Жыйын судья Азирет Медеровдун төрагалыгы алдында өтүүдө.
Сот отуруму судьянын оорусуна байланыштуу жылдырылды. Бул жыйында өкүм чыгарылышы керек болчу.
Буга чейин сот 3 кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ага ылайык, Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алууга, ЖЭБди модернизациялоодо мыйзамсыз байыган деп жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыктарга айыпталууда.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Аскар Шадиев жана Асел Кодуранова, президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, мурдагы мэр Албек Ибраимов, ИИМдин мурдагы башчысы Абдылда Суранчиев жана башкалар да бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
