Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Парламенттин 21-майда өткөн жыйынында депутат Медербек Алиев («Ишеним») Кыргызстандагы бардык улут өкүлдөрүнүн аскерде милдеттүү кызмат өтөөсү тууралуу маселе көтөрдү.
Ал жарандардын укуктарынан тышкары мекенге кызмат кылуу сыяктуу милдеттери да болушу керектигин белгиледи.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кесиптешин колдоп, аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттерди колбасага салыштырган.
«АКИpress» депутаттар арасында сурамжылоо жүргүзүп, ким аскерде кызмат өтөгөнүн билди.
Маалымат (редакция депутаттар маалымат берсе, тизмени толуктоого даяр):
Медер Алиев – мобилизациялык резервге чакырылган (2010-жылы Ош окуяларында Ош аскер гарнизонунда ыктыярдуу кызмат өтөгөн)
Нурланбек Тургунбек уулу – маалымат алуу мүмкүн болгон жок
Таалайбек Сарыбашев («Ата Журт—Кыргызстан») – 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, Германия

Русланбек Жакышов («Ишеним») – 1993-1994-жылдары Кыргызстандын армиясында кызмат өтөгөн

Марат Мураталиев («Ишеним») – 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн
Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним») – 1986-1988-жылдары Советтик армиянын катарында Польшада кызмат өтөгөн

Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») – 1989-1993-жылдары КР ички иштер органдарында кызмат өтөгөн

Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») – 1997-жылы Советтер Союзунун маршалы А.Василевский атындагы Кургактагы аскерлердин Абадан коргонуу аскердик академиясын аяктаган
Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу) – 2000-жылы университеттин аскердик кафедрасында кызмат өтөгөн
Кундузбек Сулайманов (Токтогул округу) – 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн
Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу) – 1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн
Азизбек Турсунбаев (Ала-Бука округу) – 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн
Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу) – 1987-1990-жылдары Советтик аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн, «Башкы кеме старшинасы» наамы бар
Алишер Козуев («Ата Журт—Кыргызстан») – ОшТУ аскердик кафедрасы
Элдар Сулайманов («Ата Журт—Кыргызстан») – 2003-2004-жылдары Кыргыз Улуттук университетинин аскердик кафедрасы
Кубанычбек Самаков (Ленин округу) – 2001-2002-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин аскердик кафедрасы
Таалайбек Масабиров («Ата Журт—Кыргызстан») – спортрота 1985-1987-жылдары
Арсланбек Эгембердиев («Ата Журт—Кыргызстан») – Балыкчы гарнизонунун мобилизациялык резервинин чакырылуучусу
Жайлобай Нышанов («Ата Журт—Кыргызстан») – 1986-1988-жылдары Россиянын Иркутск шаарында кызмат өтөгөн
Бактыбек Сыдыков (Ноокат району) – 1993-жылы Москва мамлекеттик техникалык университетинин Н.Э. Бауман атындагы офицердик курстарын аяктаган
Элмурза Сатыбалдиев (Өзгөн округу) – 1984-1986-жылдары Чехословакияда армияда кызмат өтөгөн
Эрнис Айдаралиев («Ыйман Нуру») – Токмок гарнизонунун мобилизациялык резервинин чакырылуучусу
Балбак Түлөбаев («Ынтымак») – кызмат өтөгөн эмес (чет өлкөдө окуган)
Улан Бакасов (Нарын округу) – альтернативдик кызмат
Саидбек Зулпуев («Ата Журт—Кыргызстан») – 1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
«АКИpress′тин» архивинде депутаттардын армияда кызмат өтөгөн сүрөттөрү бар. Аларды шилтемелер аркылуу көрсө болот.
23-февралга карата – ЖК депутаттарынын кимиси кызмат өтөгөн? (сүрөт)
Президент, башкы прокурор, министрлер, депутаттар кайда кызмат өтөшкөн? Сүрөттөр
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
