Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети эмгек акыны накталай төлөөгө жол берилген учурларды аныктады. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ошентип төмөнкү учурларда эмгек акыны жумушчуларга накталай төлөөгө уруксат берилет:
- жумушчунун эмгек ишмердүүлүгү жайгашкан жерде банктык кызмат көрсөтүү үчүн инфраструктура жок болгон учурда;
- сезондук талаа иштерине жумушчуларды жалдаганда;
- ишкананын эсептешүү эсептери камакка алынганда;
- турак жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);
- айыл чарба кооперативдерине.
Министрлер кабинети белгилегендей, эмгек акыны накталай төлөө иш берүүчүлөрдү салыктарды төлөө жана жумушчулардын эмгек укуктарын сактоо боюнча тийиштүү документтерди жүргүзүү милдетинен бошотпойт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
