Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кошуна келин менен видео тартып, миллиондогон көрүүлөрдү топтогон Элнура Жолдошбек кызы
Янгиликлар

Кошуна келин менен видео тартып, миллиондогон көрүүлөрдү топтогон Элнура Жолдошбек кызы

Май 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Маймак айылынын 28 жаштагы тургуну  Элнура Жолдошбек кызы. Аны менен аймактык кабарчы маек курду. 

Ал 1997-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жарыкка келген. К.Дюшеев атындагы №14 кесиптик лицейинде 1 жыл окуп, ашпозчу-официант кесибине ээ болгон. 

«Турмуш жолуна 25 жашымда аттандым. Жолдошум менен Инстаграм аркылуу таанышып калгам. Анда мен Москва шаарында иштечүмүн. Жалпы 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, анан баш коштук. Жолдошум Кутман Керкибеков Таластан болот. Экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күнү болгонго, издешпей табышканбыз деп күлүп калабыз. Кудай буюрса, чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 3 жыл болот», – деди ал. 

Элнура айым аймактык диалекттер боюнча сөз кылды. 

«Мен өлкөнүн чыгыш тарабынан, жолдошум батыш тарабынан болгондуктан аймактык диалекттер болбой койбойт. Бул айырмачылыктар жаңы келин болуп келгенде абдан билинди. Азыр бардык диалект сөздөрдү билип, түшүнүп калдым. Казандан тамак чыгарып жатсак, кайненем: “легенди алып кел” деп калды. Мен таң калып эле, кир жууй турган тазикти алып бардым. Көрсө, Таласта тамак сала турчу патунусту (поднос) леген дешет экен. Анан да Таластан Ысык-Көлгө чейин баруу үчүн 12-14 саат жол жүрөбүз. Жолдун узактыгынан төркүнүмө 1 жылда 1 же 2 жолу барам», – деди ал. 

Ал учурдагы келиндик доору боюнча айтып берди. 

«Негизинен күнүмдүк үй тиричиликтери, бала кароо, тамак жасоо менен алекмин. Үйдөгү жумуштарды бир жансыл кылып коюп, балам менен сейилдөөгө чыгабыз. Баса, кошуна келин Оштон болот, 1998-жылкы. Кайненелерибиз экөөбүзгө “дос болгула” деп 1 жыл бою айтып жүрүшүп, эми бизди эч ким ажырата албай жатат (күлүп). 

Замандын агымына жараша биз да элден кем калбай видео тартып, социалдык тармактарга жүктөй баштадык. Айыл элинин жашоосу да айрымдарына кызык, видеолорубуз жетиштүү көрүү жана пикирлерди топтойт. Мындан улам кызыктуу жана пайдалуу видеолорду чыгарганга аракет кылып жатабыз. 

Азыркы тапта 1 уулубуз бар, 8 жарым ай болуп калды. Келечекте көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагыбыз келет. Аларга мыкты келечек жана жакшы шарт түзүп берүү үчүн Бишкек шаарына көчкүбүз келет. Кантсе да борбор, көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар», – деп сөзүн жыйынтыктады ал. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАгартуу министринин кызы апасынын үстүнөн арызданган — Билим АКИpress
Next Article Бирөөнүн 190 миң доллар турган батирин башка адамга саткан шектүү кармалды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.