Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – «Кыргызэнергострой» ААК өз ыктыяры менен 8,1 гектар жер тилкесин, ал жерде жайгашкан курулушту мамлекеттик менчикке өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргыз фонд биржасы билдирди.
Жер тилкесинин дареги: Бишкек шаары, Орок айылы, Разная көчөсү, номуру жок (административдик-аймактык реформага чейин — Чүй облусу, Сокулук району, Селекционное айылы, Циолковский көчөсү 86).
«Өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу 2025-жылдын 30-апрелинде «Кыргызэнергострой» ААК менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин ортосунда түзүлүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин органдарында катталган», – деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн:
«Кыргызэнергострой» ААК курулуш материалдарын өндүрүү менен алектенет, механизм жана атайын техникаларды ижарага берет.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
