Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кыргызга келин болгон Гүлчехра Танакулова чакан ишкерлик баштады
Янгиликлар

Кыргызга келин болгон Гүлчехра Танакулова чакан ишкерлик баштады

Май 7, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын бул жолку каарманы — 37 жаштагы Гүлчехра Танакулова. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кантип кыргызга келин болуп калганын айтып берди.

Каарманыбыз Ала-Бука районунун 1-май айыл аймагына караган Жаңы-Шаар айылында жашайт. Ал 2010-жылы коңшу Өзбекстандын Андижан облусунан Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна келин болгон. Анын айтымында, жаңы келин болгондо кыргыздын каада-салттары таң калдырган.

«Өзүм 1987-жылы Тажикстанда төрөлүп, бала кезде ата-энем Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон-Төбө районуна көчүп келип, отурукташып калган. Мектепти аяктаган соң Андижандагы жеңил өнөр жай лицейине тапшырып, тигүүчүлүк кесибине ээ болгом. 2007-жылы жумуш издеп, Кыргызстандын борбору Бишкекке келип иштеп жүрүп, жолдошум менен таанышкам. Экөөбүз дээрлик 3 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2010-жылы май айында кайын журтум ата-энемдин алдына жуучулукка барып, той менен мени алып келген.

Биз жаңы баш кошкон кезде тилекке каршы өлкө түштүгүндө улут аралык араздашуу орун алып кетти. Бирок биздин айылдаштар, туугандар биздин үй-бүлөнү интернационал катары кабыл алып, сыйлап жатты. Быйыл жолдошум менен бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 14 жыл болду. Бул аралыкта бири-бирибиз менен жаңжалга барган учур болгон жок. Ынтымакта, бири-бирибизге көмөктөшүп жашап келе жатабыз. Азыр 3 балам бар», – дейт ал.

Гүлчехра Танакулов үйүндө чакан тигүү цехин ачууга жетишти. Ал айылдаштарынын буйрутмаларын алып, каражат табууда. Ал эми тигүү машиналарын кой багып, аны сатып тапкан кирешесине алган.

«Жолдошумду ар тараптан колдоп, кубаттап турууга аракет кылам. Менин бул сапатымды кайын журтум да жакшы көрөт. Баш кошкон 14 жылдан бери бири-бирибизди колдоп, бирге иштеп, өз алдыбызча үй салып, 3 баланы багып келүүдөбүз. Ушул тапта ал миграцияда жүрөт. 3 жыл мурун анын каржылык колдоосу менен 3 баш козу сатып алып, аны үйдө багып, мал базарга алып чыгып сатып, ал каражатка тигүү машинасын сатып алдым. Кесибим тигүүчү болгондуктан алгач үйдө балдарыма кийим тигип жүрдүм. Кийинчерээк аялдар кеңешинин төрайымы менин тигүүчү экенимди байкап, айылдагы аялдарга айтып, кардарларым көбөйдү. Бир жыл ичинде кардарларым көбөйүп, жолдошум берген акчаны кайтарып, киреше таап калдым.

Кийинки жылы да өзүм каражат чогултуп, жолдошумдун көмөгү менен дагы бир тигүү машинасын сатып алууга жетиштим. Азыр үйдүн бир бөлмөсүн жумуш бөлмөгө айланкам. Ал жерде кийим-кече, төшөк, кыздардын себин тигем. Азыр кардарларым туруктуу, чет жерге барбай эле айылда балдарымды өзүм багып, аз да болсо каражат таап жатам. Азыр балдар үчүн базардан кийим сатып албайм, жакшы кездеме сатып келип, үйдө өзүм тигип берем. Кээде кошуналар же айылдаштар да байкап, базарга барбай мен тиккен кийимдерди үйдөн эле сатып алып кетишет. Албетте, мен тиккен кийимдердин наркы базардан бир кыйла арзан», – дейт каарманыбыз.

Гүлчехра айым 4 бир туугандын ортончусу.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleӨзгөндө мыйзамсыз соода түйүндөр алынып, 13 адамга 3000 сомдон айып салынды
Next Article Асия Кара-Жыгачтан үй сатып алуу үчүн 2,6 млн сом берип, бирок алданып калган

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.