Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2025-жылдын апрель айында Кыргызстан жаңы унааларды Россияга экспорттоону март айына салыштырмалуу эки эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россиянын «Автостат» аналитикалык агенттиги билдирди.
Апрель айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россиянын рыногуна 4,1 миң жеңил унаа жеткирген. Бул сан өткөн жылдын апрель айындагы көрсөткүчтөн төрт эсеге көп. Россияга жаңы унааларды экспорттоочу өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан 12%дык үлүш менен экинчи орунду ээледи, биринчи орунда Кытай (65%) турат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
