Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик «Көрүстөндөрдө орун ээлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Маалым катта Кыргызстанда жерге берүү үчүн орундарды ээлөөнүн бирдиктүү жол-жобосу жок экени жазылган. Бул мүрзөгө ылайыкталган жерлердин башаламан пайдаланылышына, жарандардын өз эркине ылайык жерге берүү укуктарынын бузулушуна, тилкелерди бөлүштүрүүдө кыянаттык кылууга алып келет.
Долбоордо орун ээлөө наркын эсептөөнүн ачык-айкын формуласы сунушталууда:
- жердин базалык салыктык наркы
- аймактык коэффициент — мүрзөнүн жайгашкан жерине жараша 0,3төн 2,0гө чейин,
- тилкенин өлчөмү
- инфраструктураны кармоого кеткен чыгымдарды эске алган орун ээлөө коэффициенти
Тилкеден орун ээлөө укугу каза болгон адамдын жубайына нике тууралуу күбөлүк болгон учурда берилет.
Агенттик белгилегендей, токтомдун кабыл алынышы орун ээлөө процессин тартипке келтирет, ачык-айкындуулукту жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат, диний жана маданий салттарды эске алат, наркын эсептөөдө субъективдүү мамилени жокко чыгарат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					