Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусу менен 6858 адам катталды, деп билдирет Республикалык иммунопрофилактика борбору. Бейтаптардын көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында.
Борбордун маалыматы боюнча, оорунун көбөйүшү эмдөөдөн баш тартуу жана инфекциянын жайылышына себеп болгон туруктуу очоктордун болушуна байланыштуу.
Кызамык жуктургандардын басымдуусу 1 жаштан 4 жашка чейинки балдар. Ал эми бейтаптардын ичинен 407 адам (6%) эмдөөдөн өткөн. Эмделгендердин арасында иммунизациянын толук курсунан өтпөгөндөр басымдуулук кылат.
Бейтардын ичинен 6451 адам же 94%ы эмдөөдөн өткөн эмес.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
