Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Turmush басылмасы Кыргызстандын аймагында акыркы жылдары жасалган оор операциялар жана медицина тармагында жетишкендиктер боюнча жарыялаган маалыматтарды топтоду.
Кара-Суу районунун тургундары Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 5 жаштагы кызын алып барышкан. Бейтапка дароо операция жасалган.
Кичинекей кыз үйүндө столдун үстүнөн жыгылып түшкөн. Ошол учурда колунда кайчы бар болчу. Кайчы оң жак бетине 6-7 сантиметрге кирип, мурун көңдөйүн тешип, көзүнүн асты аркылуу баш сөөккө чейин жеткен.
Бактыга жараша бычак чоң артерияларга тийген эмес, болбосо баланын өмүрүнө чоң залал тийип калмак.
**************
Түп районуна караштуу Талды-Суу айылынын тургуну Нурбек Мукашов Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында эмгектенүүдө.
Эн безинин барсылдагы (киста) — ичи суюктукка (анын ичинде сары сууга) же чач сыяктуу таштандыга толгон, өлчөмү 1-2 миллиметрден тартып, 10-12 сантиметрге чейин өсүүчү барсылдак.
«10 жылдык иш тажрыйбамда жалпы 2500дөй операция жасадым. Бейтаптарды ар кандай шартта операцияга кабыл алабыз. Көбүнчө 80 пайызы тез арада жасалса, 20 пайызы пландуу түрдө өтөт. Кечээ жакында эле, 10-март күнү 59 жаштагы аялдын ичинен эң чоң көлөмдөгү киста алынып, пландуу операция ийгиликтүү өттү. Эмгек жолумда мындай окуяны биринчи жолу кезиктирдим. Бул шишик качан өсүп баштаганы белгисиз. Бирок, акыркы 2 жылдан бери бейтаптын оң жактагы энелик жумурткасына жабышып өсүп, ич көңдөйдү ээлеп кеткен. Сыртынан караганда кош бойлуудай көрүндү. Операция жалпы 1,5 саатка созулду. Аялдын ичинен салмагы 8 килограммдан ашык, узундугу 40 сантиметр, туурасы 20 сантиметр, сүйрү формадагы чанда кездешүүчү кистаны алып чыкты. Бул киста акырындык менен чоңоюп отуруп, бейтаптын ички органдарын кыса баштаган. Эгер дагы чоңоюп кетсе, боор, бөйрөк, ашказан жана башка органдардын иштөө функциясын токтотмок. Операциядан кийин абалы жакшы болуп келе жатат», – деген ал.
*****************
Жалал-Абад облустук ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, нейрохирург Абдибаит Идирисов 26 жылдан бери аталган ооруканада эмгектенип келет.
Анын айтымында, 48 жаштагы бейтап 8-январь күнү кечинде облустук ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген.
«Кечки саат 20:00 чамасында биздин бейтапканага Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 1975-жылы туулган тургунун алып келишти. Бейтапты жеткирип келгендерден сурасак, ошол күнү саат 17:00 чамасында кошунасы менен чырдаша кетип, ал травматикалык тапанча менен жабырлануучунун көзүнө ок аткан. Сол көзүнөн кирген ок баш мээнин астынан кирип, орто ченине барып туруп калган. Бейтап бизге келгенде эс-учу бар, бирок шок абалда болчу. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, эртеси операция жасадык.
Баш мээдеги окту алып чыгуу оңойго турган жок. Себеби көзүнөн кирген ок сөөктү талкалап, мээни жабыркаткан. Мындан улам кишинин сол колу, буту иштебей калган. Операция жалпы 6 саатка созулду. Алгач биз — нейрохирургдар мээдеги окту алып чыгып, тазалап, мээдеги уюган канды алып, баарын ордуна келтирген соң адистер көздүн ордуна операция жасады. Бул окуя биздин бөлүмдө алгачкы жолу бейтапты тирүү алып калган учур болду, тактап айтканда операция ийгиликтүү болду. Себеби буга чейин баш мээсине травматикалык тапанча менен ок атылган эки бейтап келген. Бирок экөөнү тең сактап кала алган эмеспиз. Азыр бейтаптын абалы туруктуу. Дарыгерлер менен сүйлөшүп, өз алдынча тамактанып калды. Ал эми колу менен буту да акырындан кыймылдап баштады», – деген Идирисов.
***********
Аталган оорукананын дарыгери Элмурат Эркулов билдиргендей, бала ооруканага жеткирилгенде дем алуусу оор абалда болгон.
«2 жаштагы баланы түшкө маал алып келишти. Карап көрсөк, кекиртегине сөөк тыгылып, дем алуусу кыйындап калган экен. Аны учурунда алып койбосок, чарчап калмак. Сөөктү бронхоскоп аппаратынын жардамы менен алдык. Анын узундугу 2 см, туурасы 0,9 мм экен», – деди Эркулов.
***********
2017-жылдын 11-ноябрында Ош облустук клиникалык балдар ооруканасында ашказанына чач топтолуп калган 13 жаштагы кызга операция жасалган.
Алынган чачтын салмагы калдыктары менен 1,5 кг жеткен.
Дарыгерлердин айтымында, ноокаттык окуучу кыз кусуп баштагандан кийин ата-энеси ооруканага жеткирген. Топтолгон чач 5-6 жылдык болушу мүмкүн. Операциядан кийин кыздын абалы жакшыра баштады.
***********
2-ноябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасынын дарыгерлери 7 жаштагы баланын өпкөсүнөн ийне алып чыгышкан. Ийне бронхоскоп жабдыгынын жардамы менен операциясыз алынган.
Turmush басылмасынын кабарчысына дарыгерлер билдиргендей, окуучу ийнени операциядан 1 ай мурда жуткан.
«Бейтапты эртең менен жөтөлүп жатканын айтып алып келишкен. Рентгенден текшерүү учурунда өпкөсүнөн ийне чыкты. Аны операциясыз алдык. Бала ийнени байкабай жутуп алганын убагында айткан эмес. Учурда баланын абалы жакшы», – деген дарыгер.
2017-жылы 25-октябрда Ош облустук клиникалык балдар ооруканасындагы дарыгерлер темир жутуп алган 7 жаштагы баланын өмүрүн сактап калышты. Баланын өпкөсүндөгү темирди операциясыз алып чыгышкан.
«Бала оозуна темирди салып ойноп жатып жутуп алган. Темир өпкөгө кирип кеткен. Окуя 22-октябрда болуп, 3 күн бою ошол бойдон жүрө берген. Темирди өпкөсүнөн бронхоскоп жабдыгы аркылуу операциясыз ийгиликтүү алдык. Баланын абалы канааттандырарлык», – деди бронхоскопист Элмурат Эркулов.
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын ЛОР бөлүмүндөгү дарыгерлер 5 жана 10 номиналындагы тыйындарды жутуп алган 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калышты.
ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Абдихапликов билдиргендей, бейтапты ооруканага тамак-аш жута албай калган абалда жеткиришкен. Дароо тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөргөн дарыгерлер баланын ашказанынан эки тыйынды катары менен алып чыгышты. Наристенин абалы 2-3 сааттан кийин жакшырып, үйүнө чыгарылган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
