Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2024-жылы Кыргызстанда 140 миңден ашык аял эне болду. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, биринчи баласын жарык дүйнөгө алып келген аялдардын орточо жашы 23-24 жаш болгон.
Республикада ар бир аял орто эсеп менен 3 бала төрөйт.
2025-жылдын 1-январына карата өлкөдө 3 млн 679 миң аял жашайт, бул калктын жалпы санынын 50,5%ын түзөт. Алардын ичинен 1 млн 586 миңден ашыгы (43%) шаарларда, ал эми 2 млн 93 миңи (дээрлик 57%) айыл жергесинде жашайт.
2023-жылы энелердин бала төрөгөндөгү орто жашы мурунку жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, 28,3 жашты түздү (2022-жылы – 28,4 жаш). Ошол эле учурда шаарларда жана айылдарда көрсөткүч мурдагы деңгээлинде калды — тиешелүүлүгүнө жараша 28,9 жана 28,1 жаш.
Кыргызстанда калктын саны өсүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
