Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 4-12-майда Сауд Аравиясында Азиялык физика олимпиадасы болуп өттү.
Кыргызстандын курама командасы 2 коло медаль, 4 ардак грамота жеңип алды.
Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөнүн APhO тарыхындагы эң жогорку жыйынтыгы. Кыргызстандын курама командасы 18 жылдан бери бул олимпиададан бир дагы медаль ута албай келген. Быйыл Кыргызстандын командасы 2 коло медаль, 4 ардак грамота алып, тарых жаратты.
Жеңүүчүлөр:
- Анаралы уулу Эмир — коло медаль, 12-класс, UWIS мектеби;
- Абдиев Аскар — коло медаль, 11-класс, Улуттук маалыматтых технологиялар мектеп-лицейи.
Мугалимдери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек.
- Салиев Темирхан — Ардак грамота, 10-класс, Кадамжай «Семетей» лицейи;
- Абылаев Ахмед — Ардак грамота, 10-класс, «Сейтек STEM» мектеби;
- Эмилбеков Айтегин — Ардак грамота, 10-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби.
Мугалими: Алмурза уулу Алтынбек.
- Баратали Бектур — Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектеби.
Мугалими: Сатыбалдиев Дүйшөн.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
