Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык Ихтияр Нишонов Тайланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан эл аралык бокс турниринин жарым финалына чыкты. Ал 12 атаандаш менен 70 кг салмакта беттешип жатат.
Нишонов беттешти 1/8 финалдан баштап, 24-майда Иорданиядан барган спортчуну биринчи раундда нокаут менен жеңди.
26-майдагы чейрек финалдык беттеште кыргызстандык боксчу рингде Сингапурдун спортчусу менен кез келди. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар Нишоновго бир добуштан жеңишти беришти. Эсеп — 5:0.
Жыйынтыгында кыргызстандык боксчу 1/2 финалга чыкты. Ал 30-майда финалга чыгуу үчүн казакстандык боксчу менен беттешет.
Буга чейин Ислам Төрөбаев жана Өмүрбек Бекжигит уулу чейрек финалга чыгышкан.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды